Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Кыргызстанга Казакстандан инвестиция көбөйгөн


2013-жылы Казакстандан келген түз инвестициянын көлөмү 2012-жылга караганда өсүп, 55 млн. долларды түзгөн. Мурдагы жылы ал 31 107 млн. болгон эле. Мындай маалымат кыргыз президенти Атамбаев менен казак президенти Назарбаевдин жолугушуусунда белгилүү болду.

Ушул жылдын 8 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 599 млн. долларды түздү. Анын 342 млн. доллары экспорт, ал эми 357 млн. доллары импорт.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Казакстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Астанада эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жогорку жыйыны өтүүдө. Анын соңунда бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө. (ZB/TSh)

XS
SM
MD
LG