Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Аскат Алиев ИИМдин Орусиядагы расмий өкүлү болуп дайындалды


Буга чейин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгында иштеп келген подполковник Аскат Алиев ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМ башчысы Мелис Турганбаев Москвадагы кыргыз диаспорасы менен жолугуп жатып айтты.

Министрдин сөзүнө караганда, Алиев Орусиядагы эмгек мигранттарга кысым көрсөткөн уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтөт.

Эки жылга жакын ИИМдин Москвадагы өкүлү катары Ибрагим Асанов иштеп келген. Бирок расмий өкүл тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда келишим ушул кезге чейин жок. ИИМ башчысы Турганбаев орус кесиптеши Владимир Колокольцев менен болчу 11-ноябрдагы жолугушууда ушул маселени кабыргасынан койорун диаспора өкүлдөрүнө убада кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады.

XS
SM
MD
LG