Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Балдарды үй-бүлөдө өстүрүү демилгеси күч алууда


Жаштар парламентинин социалдык саясат комитетинин мүчөсү Наргиза Конушалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 313 миң бала мамлекеттен жөлөкпул алышат. Ал эми балдар үйлөрүндө жана интернаттарда 11 миң бала тарбияланат, аларга өкмөт күнүнө 110 сом бөлөт. Наргиза Конушалиеванын айтканына караганда, алардын дээрлик 90% тирүүлөй жетимдер, көпчүлүгүнүн атасы да, энеси да бар. Үстүбүздөгү жылы үнөмдөлгөн 758 млн. сомду социалдык өнүктүрүү министрлиги интернаттарга которуп жатат.

Балдар укугун коргоочу бир катар бейөкмөт уюмдар бүгүнкү күнү кедей үй-бүлөлөрдүн балдарына мамлекет тарабынан аз көңүл буруп жатканын айтып, бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылып келишет.

Кыргызстандын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча ноябрь айынан тартып, балдардын жөлөк пулу негизделчү кепилденген минималдык киреше 705 сомго көтөрүлөт, буга чейин 640 сом болчу. Ушул тапта кедей үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын 495 сом жөлөк пул берилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG