Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

Украин армиясы дагы төрт жоокери окко учканын билдирди


Украинада соңку 24 саатта орусиячыл жикчилерге каршы кармашта 4 аскер окко учту, 18и жараат алды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү билдиришти. Маалыматка караганда, негизги уруш Донецктин четиндеги эл аралык аэропорттун айланасында жана Луганск облусу менен чектеш Дебалцево айылынын жанында жүрүүдө.

Козголоңчулардын жетекчилери түн ичинде Донецкте артиллериянын аткылоосунан 3 киши жарадар болгонун билдиришти.

Шаршембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул сессиясында Украинанын чыгышында “масштабдуу салгылашуулар тутанышы мүмкүн” деп айтылганы менен конкреттүү чаралар тууралуу чечим чыгарылган жок.

Алдыңкы күнү НАТО акыркы 2 күндө орусиялык танктар, артиллерия жана учактарга каршы бөлүктөрдөн турган кербендер Орусиядан жикчилер ээлеген аймакка өткөнүн билдирген. Москва бул маалыматты төгүндөөдө. Эл аралык байкоочулардын айтымында, алар эч кандай белгилери жок аскерлер менен техниканын жикчилердин турумдарына карай баратканын көрүшкөн.

XS
SM
MD
LG