Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Порошенко: Армия ыктымал кол салууга “даяр”


Украин президенти бүгүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жыйында белгилегендей, өлкө чыгышындагы кырдаал боюнча “дүрбөлөңгө түшүүгө негиз эч жок”.

Куралдуу күчтөр орусиячыл жикчилдердин ыктымал чабуулунун мизин кайтарууга “даяр жана жөндөмдүү”.

Бирок Порошенко кошумчалагандай, расмий Киев мурдагыдай эле жаңжалды тынчык жана дипломатиялык жол менен чечүү турумунан кайткан жок.

Бул аралыкта украин армиясынын өкүлү Андрей Лысенко акыркы 24 сааттагы атышууларда бир аскер өлүп, алтоо жаракат алганын кабарлады.

Анын ырастоосунда, Луганск шаарынын түндүк-батышында жикчилдердин минемоттон атуусунан беш же алты жаштагы секелек кыз каза тапты.

Буга чейин 5-ноябрда футбол ойноп жүргөн эки баланын снаряддан мерт болгону үчүн жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр бири-бирин күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG