Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Путин саммиттин аягына чейин отурган жок


Жекшембинин таңында "Чоң жыйырманын" лидерлери таңкы тамактанууга отурганда Орусиянын президенти Владимир Путин журналисттер үчүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда орус президенти саммиттин аягына чейин калбай, Москвага кетери маалым болду. Анын себебин Путин мындайча түшүндүрдү:

- Мен жалпы таңкы тамактанууга барбадым, бирок ал жакта биздин каржы министрибиз калды. Бул жерден Владивостокко чейин тогуз саат учуп, анан Москвага дагы тогуз саат учканга туура келет. Андан кийин үйгө жетип, дүйшөмбү күнү жумушка чыгыш керек. Дагы төрт-беш саат уктап алышым зарыл.

Ал айрым кесиптештери менен коштошуп үлгүргөнүн кошумчалап, саммит конструктивдүү жана натыйжалуу болгонун белгиледи.

“Чоң жыйырманын” эки күндүк саммити 15-ноябрда Австралияда башталган.

XS
SM
MD
LG