Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Евробиримдик Украинадагы жикчилдерге каршы санкцияларды күчөтөт


Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинадагы орусиячыл жикчилдерге карата санкцияларды күчөтүү сунушу менен чыгышты. Дипломаттар бул боюнча чечим ноябрдын соңуна чейин кабыл алынышы керектигин белгилешүүдө. Евробиримдиктин бул кадамы 2-ноябрда чыгыш Украинада өткөрүлгөн шайлоолорду тааныбоонун далили катары айтылууда.

Бирок Брюсселдеги жыйында Орусияга карата экономикалык санкцияларды күчөтүү боюнча эч кандай чечим кабыл алынган жок. Мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Евробиримдиктин коопсуздук жана тышкы иштер саясаты боюнча башкы өкүлү менен жолугуп, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү сунушун киргизген эле. (SE)

XS
SM
MD
LG