Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Кара-Көлдө камактагы ишкердин жакындары акцияга чыкты


Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында мэрге жалган жалаа жапты деп камакка алынган ишкер Жаныбек Шаменовдун жакындарды нааразылык акциясына чыкты. 30га жакын адам мэрия имаратын алдына боз үй тигишти. Алар Шаменовду эркиндикке чыгарууну талап кылышууда.

Буга чейин Шаменов "Кара-Көл шаарынын мэри пара талап кылды" деп Башкы прокуратурага кайрылган. Анын негизинде мэрге кылмыш иш козголгон. Бирок Башкы прокуратура тергөөнүн жүрүшүндө Шаменовдун мэрге жалган жалаа жапканы аныкталганын билдирген эле.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, аталган жарандын жеке ишканасы мэрия менен келишим түзүп, эки объектти куруп жаткан. Бирок курулуш учурунда бир нече финансылык мыйзам бузууга жол берилгени аныкталып, мэрия тартип коргоо органдарына кайрылган. Мындай абалдан чыгуу үчүн ишкер мэрге жалган жалаа жаап, тартип коргоо органдарына кайрылганын прокуратура билдирүүдө. Ошондон кийин Шаменов камакка алынган болчу. (BkA/RsK)

XS
SM
MD
LG