Жогорку Кеңештин жыйынында Тажикстан менен чек арада көпүрө жана Максат - Кулунду жолун куруу боюнча келишимди биринчи окууда жактырды. Бул келишимди кыргыз-тажик өкмөттөрү ушул жылдын 31-мартында кабыл алган. Анын алкагында Баткен облусунун аймагына узундугу бир чакырымга созулган жол жана Козу-Баглан дарыясына эки көпүрөнү биргеликте куруу макулдашылган. Учурда курулуш жүрүп жатат.
Буга чейин бул көпүрөнүн курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада айрым түшүнбөстүктөр орун алган. (BkA)