Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Аба ырайы


Чукул эскертүү:

24-25-ноябрга чейинки жаанга жана күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90 чакырымдары) жолдорунда кар көчкү коркунчу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Аба ырайы:

22-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу аймактардын жолдору тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл аймагында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0..-5, күндүз 0....5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...4,

Баткен облусунда түнкүсүн -2...3, күндүз 4...9,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...4, күндүз 6...11,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...3,

Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...2,

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3 градус, күндүз 2...4 градус болот.

XS
SM
MD
LG