Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Сузакта аламан улак өткөрүүгө чектөө киргизилди


Райондун Кызыл-Туу айыл аймагында той-аштарда аламан улак өткөрүүдө анын байгесин айылдык фондго өткөрүү боюнча айылдык жыйында чечим кабыл алынды. Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Маданбек Жумабаев билдирди.

Элдик жыйында той-аштарда улак тартыштагы тынчтыкты сактоо жана айылдагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү орундатуу максатында ушундай чечим кабыл алынды. Ага ылайык көкбөрү оюнунда байгеге коюлган каражат айылдык фондго которулуп, улак тартыш байгесиз жүргүзүлөт. Өткөн жумада Соку-Таш айылында атасына аш берген тургундар улактын 50 миң сомдук байгесин айылга берген.

Өткөн айда Сузактын Үч-Козу айылында аламан улактагы байге талашуудан улам чыр чыгып, бир адам каза болгон болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG