Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

“Казак жихадчыларынын балдары” тууралуу тасма жарыяланды


“Ислам мамлекети” радикал тобу өздөрүн казакстандыкпыз дешкен жашы жетелек балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы интернетке жарыялады.

Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча бул тасма интернетке 22-ноябрда коюлган. Андагы балдар казак тилинде сүйлөшөт. Тасмада ошондой эле алар куранды жана араб тилин үйрөнүп жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк ошол эле балдар жашыл түстүү кийимде колдорунда курал менен аскердик машыгуудан өтүп жатканы тартылган. Тасмада балдар Калашников автоматын канчалык деңгээлде колдоно аларын көрсөтүшөт. Алардын бири Абдулла аттуу бала казакстандык экенин, чоңойгондо можахед болорун айтат. Дагы бир атын атагысы келбеген бала “Биз бул лагерде динсиздерди өлтүрүү үчүн машыгып жатабыз” дейт. Ошондой эле кадрлардын биринде оюнчук курал кармаган жаш наристе бала да бар.

Тасма качан тартылганы белгисиз. Гезиттин маалыматы боюнча бул сюжет "Ислам мамлекети" радикал тобунун басма сөз борбору “Аль-Хаят” тарабынан даярдалган. “Азаттык” бул тасма боюнча казак бийлигинен комментарий алууга аракеттенүүдө.

Бир жыл мурун интернетте “ Сириядагы 150 казакстандык жихадчы үй-бүлө” тууралуу тасма пайда болгон. Анын артынан казакстандыктардын Сирия, Иракта согушуп жаткан ар кандай радикал топторго катыштыгы тууралуу тасмалар чыга баштаган.

Өткөн аптада Казакстандын коопсуздук кызматы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунда 300 чамалуу казакстандык бар экенин жарыялаган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG