Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Казакстан “Казак жихадчыларынын балдары” тасмасына тыюу салды


Казакстандын Баш прокуратурасы террористтик аракеттерге катышууга үгүттөгөн видеолорду маалымат каражаттарында көрсөтүүгө тыюу салды. “Ислам мамлекети” радикал тобу өздөрүн казакстандыкпыз дешкен жашы жетелек балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы интернетке жарыялаган. Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча тасма интернетке 22-ноябрда коюлган. Тасмада ошондой эле балдар Куранды жана араб тилин үйрөнүп жатканы көрсөтүлгөн. Кийинчерээк жашыл түстүү кийимчен ошол эле балдар колдоруна курал кармап, аскердик машыгуудан өтүп жатканы тартылган. Казакстандын прокуратурасы тасманы терроризмди пропагандалоо деп тапты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG