Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Фергюсондо абал чыңалуу бойдон турат


Американын Фергюсон шаарындагы түнкү тополоңдон кийин абал чыңалган бойдон калууда.

Кечээ күнү жергиликтүү сот август айында ындыкара өспүрүмдү атып алган полиция кызматкерине айып тагуудан баш тарткан.

Соттун бул чечимине нааразы болгон эл көчөлөргө чыгып, имараттарды, унааларды өрттөштү. Тополоң мародерлук менен коштолду.

Коңшу Сент-Луис шаарынан да атышуунун үндөрү угулганы айтылууда.

Бир аз мурда өлкө президенти Барак Обама сот чечимине каршы чыккандарды зомбулукка жол бербей, өз нааразылыктарын тынч жолу менен билдирүүгө чакырган.

Фергюсондогу массалык башаламандыктын жыйынтыгында бир нече имарат өрттөнүп, эки журналист жарадар болду. Сент-Луис шаарынын аэропорту жабылды. Шаар үстүндө жарандык авиациянын учушуна тыюу салынды.

Полиция кызматкери Даррен Уилсон быйыл 9-августа 18 жаштагы жергиликтүү ындыкара өспүрүм Майкл Браунду атып, өлтүрүп алган эле.

XS
SM
MD
LG