Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

ИИМ: Грузиялык кримтөбөлгө мыйзамсыз кыргыз паспорту берилген


Грузиялык кримтөбөл Роман Барбакадзеге Кыргызстандын паспорту мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул факт боюнча кылмыш иш козголду.

Кылмыш дүйнөсүндө “Ремень” деген каймана ат менен белгилүү Барбакадзеге 2012-жылы Ош облустук каттоо кызматы тарабынан Рамин Алхозов деген ысым менен паспорт берилген. Бул паспорт менен кримтөбөл быйыл жайында Украинада кармалган.

Кыргызстанда буга чейин да башка өлкөнүн жарандарына мыйзамсыз паспорт берүү фактылары катталган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG