Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:58

Башкы прокуратура министр Канат Садыковдун жоопкерчилигин кароону сунуштады


Башкы прокуратура билим жана илим министри Канат Садыков менен Кыргыз-Орус (Славян) университетинин ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигинин кароого чакырды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Алар мыйзам бузуу менен Славян университетине 24 абитуриентти кабыл алуу тууралуу чечим чыгарган деп шектелүүдө. Себеби аталган абитуриенттердин окуу жайга кирүүгө жетиштүү упайы болгон эмес.

Мындан улам прокуратура премьер-министр Жоомарт Оторбаевге Канат Садыков менен Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин жана ээлеген кызмат ордунан алуу маселесин кароону сунуштады.

Буга чейин бул иш боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге да кылмыш иш козголгон эле. Прокуратуранын жүйөсүндө депутат абитуриенттердин айрымдарынын ата-энесинен 14 миң доллар алуу менен министр жана окуу жай жетекчилигине аларды кабыл алуу боюнча кайрылуу жолдогон.

Депутат Осмоналиев өзүнө карата кылмыш иш козгоого негиз жок экенин айтып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG