Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Жарыкка жана жылуулукка жаңы тарифтер бүгүн күчүнө кирет


Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Өкмөткө караштуу Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекс департаментинен билдиришкендей, жаңы тарифке ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашкандар 1 сом 20 тыйындан төлөй баштайт. Ал эми жылуулук үчүн тариф турак-жайдын аянтына жараша эсептелип, 917 сомдон башталат. Бул мурунку тарифке караганда 28 пайыз кымбат.

Энергетика министрлиги жаңы тарифтердин долбоорун 14-октябрда коомдук талкууга алып чыккан. Андан мурун электр кубатын 3 фазада колдонгондорго 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөө сунушталып, бирок сот аны мыйзамсыз деп тапкан соң өкмөт жокко чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG