Иран полициясы билдиргендей, мотоциклчен эки киши Тегеран шаардык ооруканасынын жетекчисине кол салып, бетине кислота чачып жиберишти. Зиаян ооруканасынын башкы дарыгери Саиманд Анварийге 29-ноябрь күнү жумуштан үйгө бараткан учурда кол салышкан. Дарыгерлер Анварийнин көздөрүнө көп зыян тийбегенин билдиришти.
Полиция кылмышка шектелип бир дарыгер менен бир студент колго түшкөнүн билдирди. Кол салуу башкы дарыгердин ишмердигине байланыштуу экени айтылууда. (SE)