Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Бажы биримдиги боюнча келишимге 23-декабрда кол коюлат


Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча парламенттик угууда айтты. Анын айтымында, өлкөнүн аталган биримдикке кошулушу боюнча келишимге президент 23-декабрда кол коет жана аны парламант ратификациялашы керек.

Парламенттик угууну Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети уюштурган.

Өкмөт буга чейин Бажы биримдигине кошулуу боюнча 38 мыйзам долбоорун жана 12 ченемдик укуктук документти иштеп чыккан. Алгачкы 16 мыйзам долбоор кабыл алынган. Төрага Асылбек Жээнбеков бардык мыйзамдар жаңы жылга чейин кабыл алынарын билдерген. Президент Алмазбек Атамбаев да Кыргызстан жаңы жылды Бажы биримдигинин катарында тосорун айтып келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG