Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Анын айтымында, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун учурда кайда экени белгисиз.
- Мырзакматовго издөө салынды, бирок азырынча Интерполго бере элекпиз. Ал башка өлкөлөрдө деген оперативдүү маалыматтар бар, бирок азырынча тактала элек, - деди Сейитов.
Маалымат катчынын айтымында, экс-мерге кошуна Казакстан менен Орусияда ИИМдин каналдары аркылуу издөө салынды.
Башкы прокуратура 27-ноябрда Мелис Мырзакматовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык иш козгоп, анын негизинде Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. Экс-мэрге Оштогу Навои көчөсүндөгү көпүрөнү курууда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир катар мыйзамдарды бузган деген айып тагууда.
Мырзакматовдун тарапкерлери муну "саясий куугунтук" катары баалашууда. (UEz)