Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Бириккен Араб Эмиратында кыргыз элчилиги ачылат


Мындай буйрукка учурда Абу-Даби шаарында расмий сапар менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Элчилик кыргыз-эмират мамилелерин чыңдап, саясий жана экономикалык кызматташтыкты күчөтүү, илимий-техникалык жана маданий тармакта иштешүү максатын көздөйт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев президент Атамбаев менен Бириккен Араб Эмиратынын расмийлеринин жолугушуусу жемиштүү болгонун, эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиле жаңы деңгээлге чыкканын “Азаттыкка” билдирди.

Учурда кыргыз өкмөтү элчиликти уюштуруу маселелерин карап, чыгымдарын тактоодо. Араб Эмиратына дайындалчу элчинин талапкерлиги азырынча белгисиз.

Кыргыз делегациясынын сапары бүгүн Дубай шаарында уланат. (JAk)

XS
SM
MD
LG