Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:06

Кыйноого шектелген милиционер мамлекеттен компенсация талап кылууда


Кыйноо боюнча айыпталып, сотто акталган милиционер, Каракол шаардык Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Кыдырмышев моралдык зыян тартканы үчүн мамлекеттен 1 миллион сом компенсация талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыдырмышев өзү билдирди.

Ага 2012-жылдын декабрында прокуратура жергиликтүү жарандын арызынын негизинде кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Эки жылга созулган иликтөөдөн кийин Жогорку Сот Кыдырмышевди актады.

Учурда өз жумушуна кайткан милиционер тарткан моралдык зыяны үчүн Каракол шаардык сотуна доо арыз жолдоду. (SE)

XS
SM
MD
LG