Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Катарда кыргыз элчилиги ачылат


Бүгүн 8-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Катар мамлекетинде кыргыз элчилигин ачуу жарлыгына кол койду. Эми кыргыз өкмөтү бир айдын ичинде элчиликти уюштуруу жана каржы маселесин чечиши керек. Президент элчиликти ачуу максаты "эки өлкөнүн ортосунда саясый, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташууну өнүктүрүү" деп белгиледи.

Кыргыз президенти бүгүн Катар мамлекетинде расмий сапарда жүрөт, ал бир катар расмийлер менен жолугушууларын баштады.

4-декабрда президент Сауд Арабиясында да элчилик ачуу буйругун чыгарып, Эр-Рияддагы элчиликтин имаратынын пайдубалын түптөө каадасына да катышкан. (JAk)

XS
SM
MD
LG