Путиндин басма сөз кызматы билдиргендей, сапар өзбек президенти Ислам Каримовдун чакыруусу менен болууда. Сапары учурунда Орусия президенти соода, инвестиция жана маданият жагындагы орус-өзбек стратегиялык кызматташтыгы тууралуу сүйлөшөт. Ошондой эле Ооганстандагы кырдаал, Борбор Азиядагы саясий абал жөнүндө да талкуулашат. Сапар алкагында эки тараптык бир нече документке кол коюлары айтылууда.
Орус-өзбек президенттери акыркы жолу сентябрь айында Дүйшөмбүдөгү саммитте кезигишкен.