Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:00

Беларус чек арада Орусиянын унааларын текшерет


Смоленсктеги чек арада текшерүүнү күткөн беларус унаалары. 30-ноябрь, 2014-жыл.
Смоленсктеги чек арада текшерүүнү күткөн беларус унаалары. 30-ноябрь, 2014-жыл.

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык бажы кызматы билдирип, жүк тарткандан башка унаалар да текшерилип, декларацияланбаган товарлар конфискацияланып жатканын маалымдады.

Беларустун мамлекеттик Бажы комитети текшерүүнү орус продукцияларынын Беларуска “контрабандасын” алдын алуу деп түшүндүргөн.

Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комиттетинин төрагасы Леонид Слуцки Беларустун түшүндүрмөсүн “нонсенс” деп атады.

Социалдык түйүндөрдө текшерүүнүн күбөлөрүнүн чек арада жүк тартуучу уналар кезек күтүп турганын чагылдырган сүрөттөрү жарыяланды.

Кээ бир жерлерде узун кезек күтүү бардыгын орус бажысы да айтууда.

Орусия, Беларус Казакстандын ортосунда бажы бекеттери Бажы союзунун талабына ылайык, 2011-жылдын 1-июлунан тарта алынган болчу.

Жакында Орусия Беларусту алар санкция киргизген Еврошаркет товарларын өткөрүп жатканы үчүн сындап, ага катар эт жана сүт азыктарын өндүрүүчү 23 ишканасынын продукцияларына чектөө киргизген.

Расмий Минск Москванын бул кадамына катуу нааразылык билдирген.

XS
SM
MD
LG