Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Кумтөрдү улутташтыруу демилгеси коомдук талкууга чыгарылды


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам долбоорго ылайык, ири алтын кенди иштеткен “Кумтөр Голд компани” ишканасын жана бардык мүлкүн мамлекетке өткөрүп алуу каралган. Мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан. Бул боюнча сунуш-пикирлерди бардык жарандар берсе болот.

Кумтөрдү улутташтыруу маселеси октябрда Канада соту Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алгандан кийин кайра көтөрүлгөн. Сот ошондо Кеминдеги Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырган.

Президент Алмазбек Атамбаев бул жагдайдан кийин Кумтөр боюнча мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоодо чечкиндүү чараларды көрүүнү тапшырган эле. Байкоочулар бул сөздүн артында улутташтыруу маселеси жатарын белгилешкен. (BkA)

XS
SM
MD
LG