Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу Аламүдүн милициясынын башчысы кызматтан кетти


Аламүдүн райондук милициясынын начальниги Айбек Ажыгулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдеги ишенимдүү булактар кабарлашты. Алдын-ала маалыматка ылайык, Ажыгуловдун кызматтан кетишине былтыр киши колдуу болгон студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөнүн жыйынтыксыз узарышы себеп болгон.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү ушул жылдын 16-мартында, шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Буга байланыштуу кылмыш ишти Аламүдүн райондук милициясы козгогон. Жакында “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүндө Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча табышмактуу жагдайлар бар экени белгилүү болгон.(JsO/BkA)

XS
SM
MD
LG