Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Беловодскидеги жатак мектепти прокуратура текшерет


“Балдар укугун коргоо лигасы” коомдук фонду Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен бирге Чүй облусундагы Беловодское айылында жайгашкан балдардын атайын мектеп-интернатына текшерүү жүргүзүп, жеткинчектердин укугу тебеленип жатат деген жыйынтык чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун директору Бакыт Рысбеков билдирди. Алардын тыянагы боюнча, балдарга тарбиячылар тарабынан кыйноо фактылары болгону атайын мониторингде аныкталды.

3-декабрда жатак мектептен бир тарбиялануучу качып кеткен. Бул окуядан кийин “Балдар укугун коргоо лигасы" Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен биргеликте мониторинг жүргүзгөн. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги да өзүнчө иликтей турганын билдирген.

Ушул эле жатак мектептен 2012-жылы алты бала качып кеткен эле. Интернат жетекчилиги азырынча комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG