Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

2015-жылы оң рулдуу автоунаалардын киришине тыюу салынышы мүмкүн


Бул тууралуу Жол кайгуул кызматынын башчысы Сергей Дьяченко бүгүн маалымат жыйында билдирди. Буга байланыштуу мыйзам долбоор учурда Жогорку Кеңештин кароосунда турат.

"Ушул убакка чейин өлкөгө кирип калган машиналар жүрө берет. Мыйзам кабыл алынып калса оң рулдуу унааларды Кыргызстанга алып келүү жана аны каттоого тыюу салынат”, - деди аталган кызматтын маалымат катчысы Тилек Оторов.

Буга чейин өкмөт 2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу машиналарга жүргүнчү ташууга тыюу салган. Расмий маалымат боюнча соңку үч жыл ичинде эле өлкөгө кирген оң рулдуу унаалардын саны 30% көбөйгөн. Алардын канчасы коммерциялык максатта иш жүргүзөрү белгисиз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG