Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Набиуллина рублдин арзандоо себебин түшүндүрдү


Орусиянын борбордук банкынын жетекчиси менен орус президенти Владимир Путин.
Орусиянын борбордук банкынын жетекчиси менен орус президенти Владимир Путин.

Борбордук банкынын төрагасы Элвира Набиуллина бүгүн “Россия-24” ТВсына берген интервьюда, рублдин арзандоосун мунай баасынын төмөндөшү жана орусиялык компаниялардын Батыштан капитал ала албай калуусу менен байланыштырды:

- Акыркы убакта улуттук валюта маанилүү өлчөмдө арзандаганы байкалды. Анын негизги себеби, кара майдын баасынын төмөндөшү жана биздин компаниялар менен банктардын эл аралык финансы булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроосу болду, - деди Набиуллина.

Бүгүн 16-декабрда орус рубли кайра арзандаган эле. Орусиянын борбордук банкы рублдын кунун качырбоо үчүн 15-декабрда проценттик ставкасын 10, 5 проценттен 17 процентке жеткирген. Анын алдында рубль бир күндө 10 процентке кубатын жоготуп, 1 АКШ доллары 64 рублге сатыла баштаган. Борбордук банк проценттик ставканы жогорулаткандан кийин 1 доллар 60 рублге түшүп, Москвада бүгүн шейшемби күнү кайра 64 долларга чыкты. Жыл башынан бери рубль 50 процентке жакын арзандады.

XS
SM
MD
LG