Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Польша Украинага курал сатып алууну сунуш кылды


Украин жана поляк президенттери. Варшава, 17-декабрь, 2014-жыл.
Украин жана поляк президенттери. Варшава, 17-декабрь, 2014-жыл.

Поляк президенти мындай сунушту бүгүн украин президенти менен жолугушууда жасады.

Бронислав Коморовски Петро Порошенко менен жабык жолугушуудан кийинки басма сөз жыйында билдиргендей, Варшава Киев менен курал соодасы боюнча сүйлөшүүлөргө ачык.

Бул сунушка украин президенти кандай жооп кайтарганы маалымдалган жок.

Порошенко учурда орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө турган Донбасс аймагына гуманитардык эки кербен жөнөткөнү үчүн Польшага ыраазычылык билдирди.

Украин президенти Варшавага бүгүн эки күндүк расмий сапар менен барган. (UE)

XS
SM
MD
LG