Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстанда жыл сайын беш миңден ашуун адам кант диабетине чалдыгат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Социалдык саясат комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиева “Кант диабети жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы боюнча өткөн парламенттик угууда билдирди. Анын айтымында, соңку учурда кант диабетине чалдыккан балдардын саны өсүүдө. Жыйында алдын алуу, калкка маалымат берүү иш-чаралары жетишсиз болуп жатканы, адистердин жоктугу белгиленди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны 43 миң, бирок бул көрсөткүч чыныгы абалды мүнөздөбөйт. Жыл сайын Бишкек шаарында эле 14-15 балага ушундай диагноз коюлуп жатат.

Кант диабети жалпы организмдин иштешине залакасын тийгизген дарт. Кандагы инсулинди нормадан ашырбай кармап туруу үчүн бейтап дайыма дары ичип туруусу керек. (KЕ)

XS
SM
MD
LG