Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Баткен: Максат айылында ФАП иштей баштады


Эл аралык толернаттуулук үчүн коомдук фондунун демилгеси менен Максат айылына ФАП курулуп, ишке берилди. Жергиликтүүлөр айылга фельдшердик-акушердик борбор куруп берүү маселеси менен эл аралык уюмдарга кайрылып келишкен. Демилгени ишке ашырууга Кулунду айыл округунун казынасынан, жамааттын жана эл аралык уюмдун колдоосу менен жалпы баасы 1 миллион 200 миң сомдук кеңсе керектүү шаймандары менен калкка пайдаланууга берилди.

Ушул жылдын 25-август күнү Максат-Кулунду көпүрөсүнүн курулушунан эки тараптуу келишпестик чыгып, кыргыз-тажик чек арачыларынын ок атышуусу орун алган.

Ошол учурдан баштап Максат айылынын тургундары үчүн медициналык тейлөө маселеси оорлошуп, мурдагыдай Тажикстандын аймагына барууда маселе жаралган. (JsA)

XS
SM
MD
LG