Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Бир жыл кеминде 60 журналист кызмат учурунда курман болду


Сирияда каза болгон журналист Жеймс Фоули.
Сирияда каза болгон журналист Жеймс Фоули.

2014-жылы кеминде 60 журналист өз кызматын аткарып жүргөндө курман болду. 23-декабрда Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) жарыялаган докладда быйыл Жакынкы Чыгыш, Украина жана Ооганстандагы коогалаңдарды чагылдырып жүрүп өлгөн журналисттердин саны өзгөчө көп.

Сирияда 14 журналист курман болду. Өлкөдө үчүнчү жыл катары менен дүйнөнүн башка бөлүктөрүнө салыштырмалуу эң көп журналист апаат кетти. Алардын ичинде “Ислам мамлекети” радикалчыл уюмунун согушчандары башын алган америкалык журналисттер Жеймс Фоули жана Стивен Сотлофф бар. Эки журналистти мыкаачылык менен өлтүрүүнү көрсөткөн видеону жихадчылар август жана сентябрда жарыялашкан.

Жалпысынан алганда, набыт болгондордун төрттөн бири чет элдик журналисттер. Украинада жайран болгон беш кабарчы жана эки медиа кызматкердин алтоо чет элдиктер болгон. "Быйыл Украинада 2001-жылдан бери биринчи жолу журналисттер бейажал өлдү", - деп белгиленет баш кеңсеси АКШда жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин докладында.

XS
SM
MD
LG