Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ала Тоо аянтындагы балатыны кооздоого 427 миң сом жумшалган. Ал эми борбордук аянттагы имараттарды, бак-дарактарды кооздоп, жаңы жылга карата жарыктандыруу үчүн 2,5 млн. сом кеткен.
Айрым шаар тургундары быйылкы балаты жылдагыдан начар кооздолгонуна, андагы оюнчуктардын аздыгына нааразы болушууда. Ушул себептүү жарандык активисттер 27-декабрда “Өзүбүз кооздойбуз” деген иш-чара өткөрүп, балатыны өз алдынча кооздоону пландап жатышат. (UEz)