Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

“Ислам мамлекети” тобу коалициянын учагын атып түшүрдү


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин Ракка провинциясындагы парады. 30-июнь, 2014-жыл.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин Ракка провинциясындагы парады. 30-июнь, 2014-жыл.

Бул тууралуу баш кеңсеси Британияда жайгашкан уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдирүүдө.

Алардын маалыматына караганда, АКШ баштаган коалицияга кирген өлкөлөрдүн биринин учагы бүгүн Сириянын Ракка шаарына жакын жерде атып түшүрүлгөн.

Ракка - Сириянын түндүк-чыгышында “Ислам мамлекети” тобу өзүнүн борбору катары жарыялап алган шаар. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы атып түшүрүлгөн учактын араб учкучу туткундалганын кабарлады.

"Ракканын Медиа борбору" деп аталган дагы бир уюм учкуч иорданиялык экенин билдирүүдө. Иордания өкмөтү азырынча маалыматты комментарийлей элек.

АКШ жана анын араб өнөктөштөрү Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы аба соккуларын сентябрда баштаган. Аба соккуларын жасоого Сауд Аравия, Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары катышса, Катар өлкөсү логистикалык колдоо көргөзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG