Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

“Клооптун” негиздөөчүлөрү УКМКга суракка чакырылды


“Клооп” интернет порталынын негиздөөчүлөрү Бектур Искендер менен Ринат Тухватшин “казак жихадчы балдары” аттуу макала боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бектур Искендер өзү кабарлады. Буга чейин “Клооп” Байланыш агенттиги өлкөдөгү интернет-провайдерлерден “казак жихадчы балдары” тууралуу макалага тыюу салууну талап кылганын, мунун айынан сайт Кыргызстанда толугу менен ачылбай калуу коркунучунда экенин жазган.

Искендер «Клооп» жазган материалда эч кандай үгүт-чакырыктар жоктугун билдирүүдө:

- Бул материал биздин көз карашыбызда эч кандай пропаганда эмес. Балдарды согушка тарткан көйгөйдү баяндаган маалыматтык макала болчу. Материалда казак коопсуздук кызматтарынын комментарийи да бар болчу.

Буга чейин “Ислам мамлекети” радикал тобу казакстандык деген жашы жете элек балдардын аскердик машыгуулары тартылган тасманы интернетке жарыялаган. Британиялык Daily Mail гезитинин жазганы боюнча тасма интернетке 22-ноябрда коюлган.

Ушундан кийин Казакстандын Башкы прокуратурасы тасманы терроризмди пропагандалоо деп таап, террористтик аракеттерге катышууга үгүттөгөн видеолорду маалымат каражаттарында көрсөтүүгө тыюу салган. (BkA)

XS
SM
MD
LG