Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:17

Кыргыз мигранттарына Орусияга ички паспорт менен кирүүгө уруксат берилди


Кыргызстандык мигранттар үчүн жаңы жылдан соң да Орусияга ички паспорт менен кирүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, тиешелүү нота 25-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен элчиликке келип түшкөн.

Орусия 2015-жылдын 1-январынан тарта өз аймагына чет элдиктерди ички паспорт менен кирүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган эле. Жаңы талаптарга ылайык, Орусияга кирүүдө 16га толо элек балдарда да жалпы жарандык документ болууга тийиш болчу. Бирок Кыргызстандын элчилиги бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча учурда Орусияда 580 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт. Бирок иш жүзүндө мигранттардын саны андан көп.(BkA)

XS
SM
MD
LG