Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Обама Ооганстандагы согуштук миссиянын аяктоосун белгиледи


Гаваидеги аскер базасы.
Гаваидеги аскер базасы.

Президент Барак Обама Ооганстандагы 13 жылдык согуштук миссиянын бүткөнүн белгилеп, 25-декабрда АКШ деңиз күчтөрүнүн Гаваидеги базасына барды.

Обама аскерлерге алардын каармандыктары 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдан кийин дүйнөнүн мурдагыдан тынч жана бейпил болуусуна мүмкүнчүлүк түздү деди.

- Бирок дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүндө, анын ичинде Иракта өтө татаал миссиябыз бар. Ооганстанда да биздин адамдар Ооган коопсуздук күчтөрүнө көмөк берүүдө. Биздин адамдар Батыш Африкага эбола менен күрөшүүгө жардамдашууда.

Жаңы жылга карай АКШ менен НАТОнун негизги аскерлери Ооганстандан чыгып кетет. Бирок Ооган аскерлерин машыктыруу жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн 13 миң 500 аскер калат.

XS
SM
MD
LG