28-29-декабрда кар калың жааганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы авто унаа жолдорунда: Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Казарман-Акталчат унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
29-декабрда кар жаашы күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүзү +7...12;
Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүзү +6...11;
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүзү +7...12;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...+1, күндүзү +7...12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүзү +2...7;
Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүзү -7...-12;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23...-28, күндүзү -10...-15.
29-декабрда Бишкек шаарында кар жаашы күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 суук, күндүзү +8…10 градус (даража) жылуу болот.