Чүйдүн Байтик айылында ишкерлер көмөгү менен мектептин жаңы имараты курулууда.
Бул тууралуу аталган айылдагы "Кут билим" мектебинин директору Таалай Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, айылдагы мектепте окуучулардын саны көбөйгөндүктөн жаңы имарат куруу муктаждыгы жаралган.
Мындан улам "КG ГРУПП" курулуш компаниясы айылда төрт кабаттуу 450 окуучуга ылайыкташтырылган билим берүү комплексин куруп жатат.
Курулуш учурда толук кандуу жүрүп, эмдиги окуу жылына бүткөрүү мерчемделүүдө. “KG ГРУПП” курулуш компаниясы 2011-жылы негизделген. Буга чейин калктын аялуу катмарларын турак жай менен камсыз кылуу үчүн социалдык долбоор баштаган болчу. (BkA)