Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

НАТОнун Ооганстандагы миссиясы аяктады


Буга байланыштуу расмий иш-чара жекшембиде Кабулда болуп, антитеррордук күчтөрдүн штаб-квартирасындагы альянстын жана миссияга катышкан өлкөлөрдүн желектери түшүрүлдү. Анын ордуна АКШнын коргоо министри Жон Кемпбелл “Чечкиндүү колдоо” деп аталган жаңы миссиянын желегин көтөрдү. Жаңы миссия 13500 аскерден турат, алардын көпчүлүгү америкалыктар.

АКШнын президенти Барак Обама Ооганстандагы согуштун аяктаганын Вашингтондон кубаттады жана Американын тагдырындагы эң узак согуш аяктаганын айтты.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскерлери Ооганстанга 2001-жылкы сентябрь террактынан кийин киришкен. Алардын саны Ооганстанда 140 миңге чейин жеткен. Ооганстанга аскерлерди ташуу жана аларды азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн Кыргызстанда атайын аскердик база түзүлүп, иштеп келди. Кийинчерээк ал Транзиттик борбор деп аталып, 2014-жылдын июнуна чейин иш алып барган. Учурда борбордун ордуна Улуттук гвардиянын бир бөлүгү жайгашкан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG