Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Орус жана украин президенттери Жаңы жылдан кийин Астанада жолугат


Путин менен Порошенко буга чейин 17-октябрда Миланда жолуккан.
Путин менен Порошенко буга чейин 17-октябрда Миланда жолуккан.

Президент Петро Порошенко бүгүн Киевдеги басма сөз жыйында билдиргендей, Киев менен орусиячыл жикчилер ортосунда тынчтык орнотуу аракеттерин талкуулай турган жолугушуу Астанага 15-январга белгиленүүдө.

Анда Порошенко Путин менен катар немец канцлери Ангела Меркел, француз президенти Франсуа Олланд менен да кездешет.

Расмий Киев менен орусиячыл жикчилердин өкүлдөрүнүн 24-декабрда Минскте болгон акыркы сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктады. Сүйлөшүүнүн 26-декабрда болот деп күтүлгөн экинчи айлампасы өтпөй калды.

Ага чейин ок атышууну токтотуу боюнча 5-сентябрда жетишилген макулдашуу аткарылган жок. Уруш андан бери уланып келди.

Бул аралыкта президент Петро Порошенко бүгүн Украинанын бейтарап, эч бир блокко кошулбоо макамын жойгон мыйзамга кол койду. Ал мыйзамды орус тарап сынга алган.(UE)

XS
SM
MD
LG