Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Ош шаарына газ толук бериле элек


Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Азырынча газды шаардын ар бир колдонуучусуна жеткирүүгө көп батирлердин ээлери майрамды өткөрүү үчүн айылга кеткени тоскоол болууда. Анткени айрым батирлерде газ ачык бойдон калышы мүмкүндүгүнөн чочулаган шаар бийлиги шаарга газды толук бере элек.

"Ош газ" чарба башкармалыгына байланган Ош шаары жана Кара-Суу районунда жалпысынан 60 миң газ колдонуучу бар болсо бүгүнкү күндө алардын 30% гана кече келген газды колдоно башташты.

“Кыргызгаз” ишканасы Орусиялык “Газпром” компаниясына сатылгандан кийин келишим бүттү деген шылтоо менен Өзбекстан 14-апрелде Ошко газ берүүсүн токтоткон. 9 айдан бери Ошто 60 миңдей абонент көгүлтүр отсуз жашап келген. Газ берүү 30-декабрда кайрадан жанданган. (YI)

XS
SM
MD
LG