Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Шопоковдун элесине арналган мелдеш болот


Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдешке он өлкөнүн мушкерлери катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов билдирди. Анын айтымында, мелдештер 28-январда Бишкекте башталып беш күнгө созулат. Ага алгачкы жолу Таиланд, Монголия, Литва жана Эстония өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышат. Андан сырткары бул мелдеште Казакстан, Түркмөнстан, Кытай, Тажикстан, Орусия жана Кыргызстандан 150гө жакын мушкер 10 салмакта күч сынашат.

Советтер союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш быйыл 38-жолу өткөрүлөт. Ага 18 жаштан 40 жашка чейинки курактагы мушкерлер катыша алат. (Ech/TSh)

XS
SM
MD
LG