Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Ооганстан: 20 адам каза болгон окуя үчүн аскерлер айыпталууда


Ооганстандын Гилменд провинциясындагы 20 кишинин өмүрүн алган окуяга өкмөттүк аскерлер айыпталууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. 31-декабрда Гилменд провинциясында үйлөнүү той өтүп жаткан үйгө ракета атылган. Ракета талибдер менен ооган күчтөрү ортосундагы салгылаш учурунда атылганы айтылууда. Андан 20 киши каза болуп, 50дөн ашууну жаракат алган. Каза болгондордун он жетиси аялдар жана жаш балдар экени кабарланды.

Провинциянын губернаторунун орун басары Мухаммед Ян Расоулар адамдардын өмүрүн алган окту ооган аскерлери талибдер кол салган соң ачканын билдирди. Расоулар “Франс пресс” агенттигине сүйлөп жатып, окуя боюнча айыпталгандардын иши аскердик сотко өткөрүлгөнүн кабарлады. Анын маалыматы боюнча, командири баш болгон төрт аскер кармалып, провинциянын борбору Лашкар Гахка жеткирилди.

Бул окуядан кийин аймактын ондогон тургундары көчөгө чыгып, бийликтерден кандуу окуяны териштирүүнү талап кылышкан.

Кандуу окуя Ооганстандагы коопсуздук жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өтөөр алдында орун алды. 1-январдан тарта өлкөдөгү коопсуздук үчүн 350 миңге жакын аскер жана полиция кызматкерлери жооп берет. Акыркы 13 жылдан бери бул милдетти НАТОнун эл аралык коалициясы аткарып келген.

XS
SM
MD
LG