Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Марий Эл республикасынын ИИМ министри өз өмүрүнө кол салды


Орусия Федерациясынын Марий Эл республикасынын ички иштер министри Вячеслав Бучнев өзүн-өзү атып набыт болду. Бул тууралуу Орусия ИИМнин маалымат кызматына шилтеме жасап, “Интерфакс” агенттиги кабарлоодо.

Маалыматка караганда, генерал-майор, министр Бучнев 26-декабрдан 8-январга чейин эмгек өргүүсүндө болчу. Бирок жумушуна маал-маалы менен келип турган. Ишемби күнү анын катчысы кабинеттен атылган октун үнүн угуп, кирип барары менен жетекчисинин жансыз денесин көргөн.

55 жаштагы Вячеслав Бучнев бул кызматка 2011-жылы келген. Орусиянын Тергөө комитети министрдин өлүмүнүн себебин иликтөөгө алды.

XS
SM
MD
LG