Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна Евразия өнүктүрүү банкы 80 млн. доллар бөлөт


Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Айбек Калыев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Евразия өнүктүрүү банкынан Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын курууга 80 млн. доллар насыя алуу макулдашылган.

- Евразия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин жыйыны декабрда болмок. Бирок январь-февраль айына жылып калды. 80 млн. доллар ошол кеңеш чечим чыгарса эле бөлүнөт, - деди Калыев.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2010-жылы ишке кирип, төрт жылдан бери 1.7 млрд. киловатт саат электр энергиясын иштеп чыкты. Ал эми үчүнчү агрегаты Камбар-Ата-1 ГЭСи менен кошо курулмакчы. (UEz)

XS
SM
MD
LG