Орусиянын Алтай аймагынын Тергөө комитети 44 жаштагы кыргызстандыкка козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. Бул тууралуу Алтай прокуратурасынын сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыкка 2001-жылы Славгород шаарында үч адам менен бирге ишкердин үй-бүлөсүн карактап, адам өлтүргөн деген айып тагылууда.
Кыргызстандык ошондон бери изин жашырып жүргөн. Ал милициянын кылтагына илингенде кылмышты жарым-жартылай мойнуна алган. Учурда иш сотко өткөрүлүп берилди. (UEz)