Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Париж: журналдын кеңсесинде 12 киши атып өлтүрүлдү


Францияда сатиралык журналга кол салууда бери дегенде 12 киши набыт болду. Парижде чыгуучу Шарли Эбдонун (Charlie Hebdo) редакциясындагы атышууда курман болгондордун экөө тартип коргоочулар.

Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн сындалып келген журналдын кеңсесиндеги кол салуудан дагы 10 киши жараат алды. Айрымдарынын абалы оор экендиги кабарланууда.

Президент Франсуа Олланд кол салуу болгон жерге келип, чабуулду «терроризм» деп баалады. Ал чукул өкмөттүк жыйын өткөргөнү жатат. Күбөлөрдүн айтымында, кол салууга беткапчан бир нече куралчан катышты. СННдин билдиришинче, атышуу беш мүнөткө созулду. Шарли Эбдонун мурдагы кеңсеси 2011-жылы өрттөлүп кеткен эле.

Париждеги куралдуу кол салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

Париждин прокуратурасы 12 кишинин өмүрүн алып кеткен кандуу окуя боюнча кылмыш иш козгоду. Дүйнө лидерлери Шарли Эбдо сатиралык журналынын редакциясына чабуулду айыптап, аны сөз эркиндигине кол салуу катары сыпатташууда. Франциянын шаарларында журналисттерге тилектештик иретинде массалык акциялар өтүп жатат.

Соңку 20 жыл ичиндеги эң кыянатчыл кол салуу Францияны шок абалында калтырды. Президенттик сарайдан баштап өкмөттүк имараттарда кара тасма байланган мамлекеттик желектер жарым жартылай түшүрүлдү. Жер жерлерде журналисттер, жөнөкөй француздар чогулуп, курман болгондорду эскерип, Шарли Эбдо (Charlie Hebdo) басылмасына тилектештигин билдиришти. Көптөрү колдоруна "мен Шарлимин" деген жазууну көтөрүп турушту.

Акыркы маалыматтарга караганда, жапырык учурунда 12 киши окко учту. Жараат алган 8 кишинин төртөө оор абалда ооруканада жатат.

Бет кап кийген куралчан адамдар эртең менен саат 11 жарымдарда журналдын редакциясы жыйналыш өткөрүп жаткан учурда имаратка кирип барып, Калашников автоматынан туш келди аткылай баштаган.

F
F

Окуя болгон жерге дароо барган президент Франсуа Олланд “маалымат каражатына, демек эркиндикке ырайымсыз кол салуу болду” , - деди.

Ошол эле күнү кечинде мамлекет башчы өкмөттүн чукул жыйынын өткөрүп, телекайрылуу жасады.

Редакцияга жанаша турган имараттардан качууга аракеттенген кишилердин бири тарткан видеодо кол салгандардын “Аллах Акбар!”, “ Биз Мухаммед пайгамбар үчүн өч алдык”, - деп французча кыйкырганын укса болот.

Франциянын ички иштер министри Бернар Казенөв кол салуудан кийин уурдалган машине менен качууга үлгүргөн 3 киши изделип жатканын билдирди. Аларды токтотууга аракеттенген полициячылардын бирөө окко учту:

"Албетте, учурда биздин бардык ойлорубуз курман болгондордун жакындары менен, сөз эркиндиги, басма сөз үчүн күрөшкөн, бүгүн чоң соккуга туш болгон журналисттер, журналды кайтарган, кылмышкерлерди токтотууга аракеттенген полициячылар менен".

Парижден кетчү жолдор дароо тосулду, маалымат каражаттары жайгашкан имараттар, чоң дүкөндөр, диний жайлар жана коомдук транспорт түйүндөрү күчөтүлгөн кайтарууга алынды. Шаарга полициянын кошумча күтөрү тартылды.

Премьер-министр Мануэль Вальс “кылмыш жасагандарды аныктап, табуу үчүн бар аракет жумшалып жатканын” билдирди.

Өлгөндөрдүн арасында Charlie Hebdo журналынын башкы редактору Стефан Шарбонье жана белгилүү 3 карикатурист бар.

Польшада сапарда жүргөн мамлекеттик катчы Жон Керри “бир да террордук чабуул сөз эркиндигин жок кыла албайт” деп билдирди.АКШ президенти Барак Обама Париждеги кан төгүүнү айыптап, анын администрациясы террористтерди сот жообуна тартуу үчүн жардам берүүгө даяр деди.

Германиянын канцлери Ангела Меркель жасаган билдирүүдө бул окуяны – “Франциянын жарандарына гана эмес, сөз эркиндигине каршы кол салуу” катары сыпаттады.

Президент Владимир Путин 12 кишинин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтып, Орусия терроризмдин кайсы болбосун түрүн айыптайт деди. Араб Лигасы да терактты айыптаган билдирүү жасады.

Charlie Hebdo 2006-жылдын февралында даниялык басылмада жарык көргөн Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүн басып чыгаргандан кийин эл аралык деңгээлде таанылган. Ал сүрөттөр мусулман дүйнөсүндө чоң нааразылык жаратып, авторуна бир нече жолу кол салуу аракети болгон.

2011-жылы журнал Мухаммед пайгамбар тартылган сүрөттүн астына “Шария Эбдо” ("Charia Hebdo”) деп жазып чыгаргандан кийин белгисиз бирөөлөр редакциянын кеңсесине чакан бомба ыргытышкан.

2012-жылдын сентябрында журнал Мухаммед пайгамбар жылаңач тартылган азил сүрөттөрдү жарыялаган.

Ал эми теракттын алдында, журналдын Твиттер жана Фэйсбуктагы баракчаларында “Ислам мамлекети” уюмунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин тамашалуу сүрөттөрү чыккан.

Теракт кошуна Германиянын бир катар шаарларында Европанын исламдашуусуна каршы чыккандар менен алардын каршылаштары улам бир демонстрация өткөрүп жаткан учурга туш келди.

5-январда Дрезденде “Батыштын исламдашуусуна каршы патриот европалыктардын” уюшмасы 18 миңдей кишини көчөлөргө алып чыкты.

XS
SM
MD
LG